Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:10

Базар-Коргондогу Азимжан Аскаровго таандык кеңсе талашка түштү


Укук коргоочу Азимжан Аскаров.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровго таандык экени айтылган Базар-Коргон шаарындагы кеңсенин каттоосун алмаштыруу боюнча Аскаровдун жесири Хадижа Аскарованын арызын жергиликтүү бийлик канааттандырбай жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" Хадижа Аскарова кабарлады.

"Азимжандын кеңсесин өзүмдүн атыма каттатып алайын десем, каттоодо жок деп болбой жатышат. Аны биз өз акчабызга сатып алып, өз колубуз менен эки кабат кылып курганбыз. 2010-жылы кеңсени белгисиз бирөөлөр өрттөп, ичиндеги буюмдарды уурдап, талкалап кетишкен. Муну да эч ким териштирген жок. Эми кеңеседен калган жерди менин атыма каттатайын десем тоскоолдук кылып жатышат".

Базар-Коргон шаарынын мэри Ильяз Төлөнов калаа башчылыгына Хадижа Аскаровадан эч кандай арыз келбегенин, эгер ал жаран катары бул маселе менен кайрылса, аны чечүүгө аракет кыларын маалымдады.

2010-жылдын июнь окуялары үчүн айыпталган Аскаров өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2020-жылы 25-июлда Бишкектеги №47 колонияда көз жумган. Жаза аткаруу кызматы ал пневмониядан каза болгонун кабарлаган. Маркумдун сөөгү Өзбекстанда жерге берилген.

Аскаровдун өлүмүнө байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигин сынга алган. Бул маселе 6-сентябрда Брюсселде өткөн Кыргызстан менен Европа Биримдигинин адам укуктары боюнча диалогунун 11-отурумунда да көтөрүлгөн.

Адам укугун коргогон Human Rights Watch уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча аткаруучу директору Хью Уильямсон 23-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев менен жолугушканда Азимжан Аскаровдун өлүмүн иликтөөнү жандантууну сунуштаган.

Тергөө органдары Аскаровдун күнөөсү далилденгенин билдиришкен. Ал эми укук коргоочу көзү тирүү кезинде бир нече кайрылуу таратып, милиция бул ишти андан өч алуу максатында атайылап уюштурганын, айыбы жок экенин билдирген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG