Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Еврошаркеттин адам укугу боюнча өкүлү Садыр Жапаров менен жолугат


Кыргызстан Еврошаркет менен алакасын эгемендик алган 1991-жылдан тартып баштаган.
Кыргызстан Еврошаркет менен алакасын эгемендик алган 1991-жылдан тартып баштаган.

Еврошаркеттин Борбор Азиядагы атайын өкүлү, элчи Тери Хакала 7-8-октябрда Бишкекте болот.

Эки күндүк сапардын алкагында Еврошаркеттин өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго, тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге жана өлкөнүн акыйкатчысы Токон Мамытовго жолугат.

Жарандык коом жана укук коргоочулар менен да жолугушуулар пландалган. Анда Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташтыгы, алдыда боло турган парламенттик шайлоо, адам укугу жана эркиндигине байланыштуу маселелер талкууланат.

Еврошаркеттин өкүлдөрү 6-7-октябрда Алматыда өткөн Евробиримдик - Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандык коомунун форумуна катышты.

Кыргызстан Еврошаркет менен алакасын эгемендик алган 1991-жылдан тартып баштаган. 1999-жылы кызматташуунун алкагында негизги үч келишим: саясий диалог, экономикалык мамилелер жана ар кандай тармактардагы кызматташтыкка байланыштуу түзүлгөн. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG