Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:47

Оштон Бишкекке жөө чыккандарга акыйкатчынын өкүлдөрү жолукту


Оштон Бишкекке жөө бара жаткандар. Жалал-Абад облусу, 4-октябрь, 2021-жыл.
Оштон Бишкекке жөө бара жаткандар. Жалал-Абад облусу, 4-октябрь, 2021-жыл.

Оштон Бишкекке жөө жүрүш менен келаткан Кара-Суу районундагы Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары менен Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү жолукту. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов "Азаттык" радиосуна билдирди.

“Соттун чечимдери убагында чыгып калыптыр. Ошондуктан Ош шаарынын мэриясы, жергиликтүү бийлик маселени чечүүдө сот чечимине барып такалып калган. Биздин өкүлдөр жөө жүрүшкө чыккандар менен 5-октябрда Жалал-Абадга жеткен жерден жолукту. Аларга жагдайды түшүндүргөндө жок биз Бишкекке чейин барабыз, укугубуз бузулду деп, биздин наамыбызга арыз жазып берип, жолун улантып кеткен”.

Акыйкатчы жөө жүрүшкө чыккандардын арыз-арманын чечүү үчүн сот, прокуратура менен кеңешип, мыйзамдарды дагы жакшылап карап көрүү боюнча сунуш бере турганын билдирди.

Дыйкан-Кыштак айылынын тургундары соттун үйлөрүн бузуу тууралуу чечимине нааразы болуп, 1-октябрда борбор калааны көздөй жөө чыккан. Алар сотторго, жергиликтүү бийликке нааразылыгын жазып алышкан.

Алгач Бишкекти көздөй 12 үй-бүлөнүн мүчөлөрү да жөнөгөн. Алардын кээ бири жолдон кайтып, учурда беш киши Бишкекке келе жатат.

Жергиликтүү бийлик тургундардын үйүн буздуруу боюнча чыгарган чечими мыйзамдуу болгонун айтууда.

Дыйкан-Кыштак менен Коргон айылдары документ боюнча Кара-Суу районуна караганы менен Ош шаарынын батыш тарабы менен чектешип, дээрлик шаардын ичинде жайгашкан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG