Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

АКШ менен Кытай президенттери онлайн жолугушат


АКШ президенти Жо Байден.
АКШ президенти Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзинпин жыл аягында онлайн жолугушары кабарланды.

Лидерлердин жолугушуусу жөнүндө расмий өкүлдөрдүн бири журналисттерге анонимдүү маалымат берген. Ак үйдүн пресс-катчысы Жен Псаки жолугушуунун деталдары иштелип бүтө электигин маалымдады.

Лидерлердин онлайн жолугушуусу АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан менен Кытайдын башкы дипломаты Ян Цзечи Швейцарияда кезиккенден кийин жарыяланды.

Ак үй Салливан Тайван кысыгындагы окуя, этникалык азчылыктарынын жана Гонконгдогу демократиянын тарапташтарынын кысымга кабылып жатканына тынчсыздануусун белгилегенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG