Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:34

Пакистандагы жер титирөөдөн кеминде жыйырма киши каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын Белужистан провинциясындагы жер титирөөдөн кеминде жыйырма киши каза болуп, дагы жүздөйү жараат алды. Расмий органдар Пакистандын түштүк-батышындагы кырсык таңга жуук болгонун кабарлады.

Провинциянын табигый кырсыктар менен күрөшүү башкармалыгынын башчысы Насир Насар курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн экенин билдирди. Кыйроого Харнай шаары көбүрөөк учурады. Учурда шаарга аскер жана жарандык куткаруучулар жөнөтүлдү. Жолдор бузулуп, байланыш үзүлгөндүктөн куткаруу иштери кыйындаган. Жер титирөөдөн электр жарыгы дагы өчкөн.

AFP басылмасы провинциядагы жогорку кызматкер Сухаил Анвар Хашмиге таянып, топурактан салынган үйлөрдүн үстү жана дубалдары басып калып адамдар каза болгонун билдирди. Курмандыктарды көпчүлүгү аялдар жана балдар болгон. Бир нече адам уранды алдында калганы болжолдонууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG