Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:10

НАТО: Орусиялык миссия кыскартылып, сегиз дипломат чыгарылат


Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы. Уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында.
Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы. Уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынында.

Түндүк атлантикалык альянс Орусиянын душмандык мамилесине жооп кылып, НАТОдогу орусиялык миссиянын сегиз мүчөсү чалгын кызматына тиешеси бар деген негизде аккредитациядан ажыратты. НАТОдогу Орусиянын өкүлчүлүгү эки эсе кыскартылганын альянстын расмий өкүлү “Азаттыкка” ырастады.

"НАТОнун Орусияга карата саясаты ырааттуу бойдон калат. Биз Орусиянын агрессивдүү аракеттерине жооп кылып, биздин “токтотуу жана коргоо” саясатыбызды күчөттүк. Ошол эле кезде биз Орусия менен конструктивдүү диалог жүргүзүү үчүн дайыма ачыкпыз", - деди НАТОнун атын атагысы келбеген расмий өкүлү.

Ошондой эле Түндүк атлантикалык альянс Орусия НАТОго өкүлчүлүк иретинде аккредитациялай турган кызматтар кыскартыларын дагы ырастады. Буга карата Москва расмий түрдө үн ката элек.

Бирок орусиялык “Интерфакс” агенттиги Мамлекеттик Думанын бир депутатына шилтеме берип, “Москва буга карата, симметриялуу болбосо дагы, жооп кайтарарын” билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG