Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Акыйкатчы Касенов менен Асановдун ишин кайра териштирүүнү суранды


Акыйкатчы Токон Мамытов 6-октябрда Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайында саясатчы Курсан Асанов жана активист Максат Касенов менен жолугуп, маектешип чыкты. Бул тууралуу Омбудсмендин басма сөз кызматы маалымат таратты.

Мекеменин маалыматында, Касенов акыйкатчыга 2017-жылы болгон окуя үчүн кармалганын, ал кылмыш иши эки тарап келишип алганы үчүн токтотулуп, учурда эч ким арыз менен кайрылбаганын айтып берген. Касенов "төрт жыл мурдагы иш үчүн эмнеге азыр камалганым түшүнүксүз" деп, бул саясатка жана алдыдагы шайлоого катышуу ниетине байланыштуу болушу мүмкүн экенин билдирген.

Ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары, учурда абакта отурган Курсан Асанов акыйкатчы Токон Мамытовго өзүнүн кылмыш иши жөнүндө кенен айтып берген. Анда ал социалдык тармакка тараган Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген аудиону Орусиянын жана Казакстандын эки экспертизасы текшерип, "монтаждалган" деп тыянак чыгарып бергенин билдирди.

Асановдун айтымында, 2020-жылы 6-октябрдагы окуяларда ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиевдин кагаз түрүндөгү көрсөтмөсүнүн негизинде Ички иштер министри кызматына барган. Ал акыйкатчыга Коопсуздук кеңешинин аталган катынын көчүрмөсүн көрсөткон.

Омбудсмен эки шектүү менен баарлашкандан кийин Башкы прокуратура, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана Ички иштер министрлигине мыйзам чегинде териштирүү мазмунунда тийиштүү кат жөнөттү.

1-октябрда "киши өлтүрүүгө аракет кылган" деген шек менен Каракол шаарынан кармалган активист Максат Касенов Бишкекке жеткирилген. Биринчи май райондук сотунун чечими менен Касенов 30-октябрга чейин камакка алынган.

14-сентябрда Ички иштер министрлиги Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деп шек саналып Жазык кодексинин 309-беренесинин (“Бийликти күч менен басып алуу”) негизинде шектүү катары кармалганын билдирген.

Быйыл январь айында ага 2020-жылдын октябрындагы окуяларга байланыштуу "Имаратты жана мекемени басып алуу" деген берене боюнча да айып тагылган.

XS
SM
MD
LG