Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:41

Иманкулов шайлоодо президенттин партиясы деген болбой турганын айтты


Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов алдыдагы парламенттик шайлоодо президент Садыр Жапаров же бийликке ыктаган партия, талапкер болбой турганын билдирди.

Иманкулов мындай пикирин «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» талкуусунда айтты.

"Президент элдин талабын билет, сезип турат. Ошондуктан элдин талабын аткаруу үчүн тапшырма берди. Таза, ачык, мыйзамдуу шайлоону өткөрүп беребиз деп жатабыз. Президенттин, бийликтин партиясы, талапкери деген жок. Бардык талапкерге жана партияга бирдей мамиле кылабыз", - деди Иманкулов.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов келе жаткан парламенттик шайлоону уюштуруу, таза өткөрүү маселеси боюнча республикалык шайлоо штабынын жетекчиси болуп дайындалган.

Ал учурда мамлекеттик кызматтагы адамдарды шайлоо процесстерине аралашпоону эскертүүдө.

Буга чейин айрым оппозициялык маанайдагы саясатчылар бийликке ыктаган бир нече партия шайлоого баратканын айтып чыккан.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат, беш жылдык мөөнөткө шайланат. 90 депутаттын 54ү партиялык тизмеден, 36сы бир мандаттуу аймактардан шайланып келет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG