Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Депутат Жумабеков жаңы мыйзам долбоорун адам укугуна каршы деп сындады


 Дастан Жумабеков.
Дастан Жумабеков.

Жогорку Кеңештин депутаты, экс-спикер Дастан Жумабеков “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоорундагы кайсы бир райондо туулган киши өзү төрөлгөн аймакта аким, мэр, айыл башчы боло албайт деген сунушту сынга алды. Жумабеков бул сунушту Баш мыйзамда каралган адам укугун чектөө деп эсептейт.

“Акимдерди шайлоодо ошол райондо туулган болсо, ошол районго аким боло албайт деген жобо адам укуктарын чектөө болуп саналат. Ротация кылгыла, мыйзамдуу жол менен алмаштыргыла бирок, адам укугун чектебегиле! Ошол райондо туулганына ал күнөөлүү болобу? Башка районго каттоого туруп келип, шайланабы? Адамдын укугун чектөөгө эч кимдин укугу жок”, - деди эл өкүлү.

Депутатка Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин орун басары Нурлан Шерипов бийлик мамлекеттик кызматкерлерге чектөө киргизүүгө укугу бар деп жооп берди.

“Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка келгенде атайын чектөөлөр кабыл алынат. Андай чектөөлөрдү кабыл алганга мамлекеттин мүмкүнчүлүгү бар”.

6-октябрда Жогорку Кеңеш бийликтин түзүмдөрүн Конституцияга шайкеш келтирүү боюнча мыйзамдар пакетин үч окууда дароо кабыл алды. Ага президент кол койсо, күчүнө кирет.

Документтерде Министрлер кабинети менен президенттик администрацияны бириктирүү, мэрлерди дайындоо укугун президентке, айыл өкмөттөрдү дайындоо укугун акимдерге берүү сыяктуу өзгөртүүлөр киргизилди. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG