Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:56

"Азаттыктын" журналисттеринин видеосун өчүрткөн украин банкынын башчысынын иши тергеле баштады


"Укрэксимбанктын" башкы директорлугунан убактылуу четтетилген Евгений Мецгер.
"Укрэксимбанктын" башкы директорлугунан убактылуу четтетилген Евгений Мецгер.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун иликтөөчү журналисттери менен кагылыша кеткенден кийин Украин мамлекеттик банкынын башкы жетекчисине каршы тергөө иштери башталганы маалымдалды.

"Укрэксимбанктын" башкы директорлугунан убактылуу четтетилген Евгений Мецгердин айтымында, ага бул тууралуу расмий кагазды 7-октябрда тапшырышкан.

«Мен тергөө менен кызматташууга даярмын. Украинада сөз эркиндиги маанилүү элементтердин бири экенине терең ишенем. Дагы бир ирет журналисттик коомчулуктан жана кабарчылардан жеке кечирим сурайм», -деп жазды Мецгер Фейсбуктагы баракчасына.

Окуя Мецгердин кеңсесинде 4-октябрда болгон. Анда «Схема» берүүсүнүн журналисттерине маек куруп жатканда Мецгер берилген суроолорду жактырбай, коопсуздук кызматкерлеринен оператордун камераларын тартып алып, видеоматериалдарды өчүрүүнү талап кылган.

Күзөтчүлөр оператор Александр Мазуранын эки камерасын жана флешкасын күч менен тартып алып, баарын өчүртүшкөн. Бирок «Схема» берүүсүнүн техникалык адистери кийин видеолорду калыбына келтирген. Анда Метчердин кылгандарынын баары сакталып калган.

Президент Владимир Зеленскийдин администрациясы жана башкы прокурор Ирина Венедиктованын кеңсеси кол салууну айыпташты. Ал эми полиция кылмыш ишин козгогонун билдирди.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай кол салуудан кийин «Журналисттерге кол салуу же куугунтуктоодон коркпой өз ишин жасоого мүмкүнчүлүк берилиши керек», - деп билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG