Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:40

Казакстандан кароосуз калган эки кыргызстандык бала кайтарылды


Казакстандагы Кыргызстандын элчилиги, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жүргүзгөн иш-чаранын алкагында 6-октябрда Казакстанда багуусуз калган эки кыргызстандык бала өлкөгө кайтарылды.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Элчилик балдарды мекенге кайтаруу үчүн бардык керектүү документтерди даярдаган.

Ушул жылдын башынан бери Орусиядан Кыргызстанга ата-энеси таштап кеткен 11 бала кайтарылган.

Алар Кыргызстандагы балдар үйлөрүнө жайгаштырылат жана жакын туугандары изделип, үй-бүлөдө тарбияланышы үчүн шарттар каралат.

Кыргыз өкмөтү жылына бир нече баланы чет өлкөдөн кайтарып келет. Ушул жылдын март айында Ирактан "Мээрим" деп аталган гуманитардык миссиянын алкагында 79 баланы алып келип, атайын даярдалган реабилитациялык борборго жайгаштырган.(BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG