Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Ош шаардык милициясынын кызматкери пара алууга шек саналып кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин басма сөз кызматы тараткан сүрөт.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттинин басма сөз кызматы тараткан сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (Ош ШИИБ) кызматкери 4-октябрда опузалап пара алууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу 6-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматында Ош ШИИБнын №5 шаардык милиция бөлүмүнүн аймактык тескөөчүсү, милициянын лейтенанты А.Т. пара алып жаткан жеринен кармалган.

"УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү ("Опузалап пара алуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш иши баштаган. Анда алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин токтотуу үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан пара талап кылынган", - деп жазылган маалыматта.

Шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кылмышка тиешеси бар башка кишилер да такталууда.

УКМК сентябрь айында Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерин да пара талап кылууга шек санап кармаган. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG