Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04

Мээрим Жуманазарова: Кыздар чоң максатка жетүүдөн коркпогула


Мээрим Жуманазарова. Осло, Норвегия. 7-октябрь, 2021-жыл.
Мээрим Жуманазарова. Осло, Норвегия. 7-октябрь, 2021-жыл.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында 68 килограмм салмакта алтын медал утуп алган кыргызстандык Мээрим Жуманазарованын мелдештен кийинки кыскача маеги Дүйнөлүк күрөш уюмунун социалдык тармактардагы баракчаларына жайгаштырылды. Анда Жуманазарова жаш кыздарга кайрылып, “чоң максатка жетүүдө эч нерседен коркпогула” деди.

“Чоң максаттарды коюп, ага жеткиле. Эч нерседен коркпогула. Мүмкүн эмес деген нерсе жок”, - деди Жуманазарова.

Ал кыз-келиндер күрөшүнөн дүйнөнүн эки жолку чемпиону кыргызстандык Айсулуу Тыныбекованы көрүп шыктанарын жана машыктыруучусунун эмгеги зор экенин белгиледи.

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмакта кыргызстандык Мээрим Жуманазарова алтын медал утту. Ал 7-октябрда финалда жапониялык Рин Мияжини 1-айлампада далысын килемге басып, мөөнөтүнөн мурда жеңип алды (4:0).

Ослодо өткөн Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командадан үч спортчу барган. 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова алтын медал тагынса, 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы коло байге алды.

Мээрим Жуманазарова 22 жашта. Токиодогу өткөн Олимпиада оюндарында коло байге уткан. 2016-жылы кыздар (кадеттер) арасында дүйнө чемпионатында коло байге алган. 2017-жылы жаштар арасында Азия чемпиону аталып, дүйнө чемпионатында коло медал тагынган. Бир нече эл аралык мелдештердин байге ээси. 2020-жылы Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү. 2021-жылдагы Азия чемпиону. Азия оюндарында коло байге алган. Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болгон экинчи кыргызстандык. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG