Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Шайлоо: бир мандаттуу округдан талапкер болом дегендер 145 адамга жетти


Арыздар 18-октябрдын кечки саат алтысына чейин берилиши керек.
Арыздар 18-октябрдын кечки саат алтысына чейин берилиши керек.

Борбордук шайлоо комиссиясынын 7-октябрдагы маалыматы боюнча, бир мандаттуу шайлоо округдардан 145 талапкер өзүн-өзү көрсөттү. Алардын арасында мурдагы депутаттар, министрлер да бар.

Маселен, Максат Кунакунов, Дамира Ниязалиева, Туратбек Мадылбеков, Нурбек Алимбеков, Камчыбек Жолдошбаев, Дастан Бекешев, Жаныбек Абиров, Искендер Матраимов ж.б. тизмеден көрсө болот.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү арызын талапкерлер онлайн да тапшырса болот. Арызды кабыл алуу 18-октябрда, кечки саат 6да токтойт.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG