Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:56

Шайлоо-2021: Бишкек штабынын алгачкы кеңейтилген жыйыны өтүп жатат


Бишкек администрациясы.
Бишкек администрациясы.

Бүгүн 11-октябрда Бишкек шаарынын парламенттик шайлоого карата түзүлгөн штабынын алгачкы кеңейтилген жыйыны өтүп жатат. Ага Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, мэрия жетекчилиги катышууда.

Мэр Айбек Жунушалиев жыйындын ачылышында сүйлөп жатып борбор калаада шайлоого карата даярдык планга ылайык жүрүп жатканын, төрт шайлоо округу жана 228 шайлоо участогу түзүлгөнүн, алардын ишине тийиштүү шарт бар экенин, майыптыгы бар шайлоочулардын добуш берүү укугу камсыздаларын айтты.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов мындай жыйындар республиканын бардык аймактарында өткөрүлүп, жыйынтык жыйын бүгүн Бишкекте уюштурулуп жатканын айтып, шайлоо таза өтүшү керектиги буга чейинки бийликтер тушунда да дайыма айтылып келгени менен иш жүзүндө башкача болгонун, быйылкы шайлоону акыйкат өткөрүүгө бардык шарт түзүлөрүн белгиледи.

Быйыл 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болот. Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Бул өнөктүк өтө ыплас өткөнүн айткан нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг уюштуруп, натыйжада өлкөдө бийлик алмашкан. БШК жетекчилиги айыптоолордун баарын четке кагып, шайлоонун мыйзам чегинде өтүшү үчүн бардык шартты түзүп бергенин билдирген, бирок кийин анын жыйынтыгын жокко чыгарган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG