Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

ЖМК комиссиясы шайлоого аттанган журналисттерге кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия парламенттик шайлоодо талапкер болууну көздөгөн журналисттерге кайрылды.

Комиссия журналисттерге саясатка аттанып жатканын коомчулукка жар салып коюуну сунуштайт.

“Өлкөнүн баш мыйзамына ылайык, Кыргызстандын ар бир жараны талапкер болууга, шайланууга акылуу. Андыктан, журналисттер да саясий өнөктүктө өзүн сынап көрүүгө толук укуктуу. Дүйнөдө жана Кыргызстанда журналисттер депутат болгон, жогорку кызматтарга дайындалган тажрыйба бар.

Коррупцияга каршы күрөшкөн, элдин кызыкчылыгын көздөгөн иштери менен таанылган журналисттер депутат болуп келсе, сөз эркиндигин бийликтин трибунасынан туруп коргоого салым кошот деген ишеним бар.

Талапкер болууну каалаган журналисттер өздөрүнүн саясий чечимдерин ачык айтып койгону – аларга болгон ишенимди бекемдеп, калыстык жаатында күмөн ойлордун жаралуусун азайтат”,- деп белгиленген 13-октябрь күнү таратылган кайрылууда.

Комиссия бул кайрылууну Кыргызстандык журналисттердин этикалык кодексинин 5-беренеси менен бекемдейт. Ал беренеде “Журналист кай бир партияга мүчө болуудан, саясий ишмердиктен, мамлекеттик кызматта жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөөдөн оолак болгону абзел. Эгер андай иштерге аралаша турган болсо, ал тууралуу өз окурмандарын, угармандарын жана көрүүчүлөрүн кабардар кылышы керек”, - деп жазылган.

Андан тышкары, комиссия башка журналисттерге да кайрылып, калыстыкты карманууну, шайлоо өнөктүгүндө кайсы бир саячий күчтөрдүн куралы болуп калбоону суранган.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат.

Шайлоодо ат салышууну каалагандардын арасында Али Токтакунов, Эрулан Кокулов, Чынара Капарова, Эрнис Кыязов жана башка журналисттер бар. Алардын арйымдары партиялык тизмеде, кээ бирлери бир мандаттуу округдан талапкер болуу ниетин билдиришкен.

  • Журналисттердин этикалык кодекс 23 беренеден турат. 2007-жылдын 8-декабрында журналисттердин Республикалык жыйынында кабыл алынган.
  • 2009-жылдын 16-апрелинде, 2012-жылдын 8-декабрында жана 2018-жылдын 26-майында журналисттердин Республикалык курултайында түзөтүүлөр киргизилген.
  • Кыргызстан журналистинин этикалык кодекси Кыргызстандагы маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин адистигине карабастан, алардын этикалык жана кесиптик иш стандарттарын калыптандыруу, журналистиканын кесиптик деңгээлин көтөрүү, ошондой эле коомдун маалымат каражаттарына ишенимин жана сый мамилесин сактоо максатында кабыл алынган.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссия ушул кодекстин негизинде иштейт. Комиссиянын 13 мүчөсу бар. Алардын жетөө жарандык коомдон, алтоо журналисттер арасынан шайланган. Төрайымы – Тамара Валиева.

Журналисттердин этикалык кодексиндеги беренелер тууралуу видео:

XS
SM
MD
LG