Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

Кытай Кыргызстан аркылуу Европага товар алып өтүүнү суранды


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Кытай өкмөтү Европага Кыргызстан аркылуу да товар ташууга кызыкдар болууда. Бул тууралуу 13-октябрда Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров билдирди:

“Кытайда экономика катуу өсүп жатат. Сегиз пайыздан өттү. Товары аябай көп. Америка менен соода-сатык каршылыктары болгондуктан океан менен барган товарларга бөгөт коюлуп, азыр биз аркылуу Европага товар ташыйбыз деп жатышат. Бизден кетип жатат, өзүбүздүн алган милдеттерибизди так аткара албай – сертификация, маркировкалоо, авиациялык пломба… Ошолордун баарын үч айдан бери сүйлөшүп жатып, кичине жылчыктардын баары табылды. Көрөбүз”.

Жапаровдун айтымында, Өзбекстан да Кытайдан бир жылда алты миңдей машинаны Кыргызстан аркылуу транзит кылып алып өтүүгө уруксат сурап жатат.

“Ушул иштердин баары ишке аша баштаса биз алдыга жылабыз” деди Жапаров.

Кыргызстандын экономикасы коронавирус пандемиясына жана 2020-жылдын октябрындагы саясий окуяларга байланыштуу оор абалга туш болгон.

Кытай менен АКШнын өз ара мамилелери бир катар саясий, экономикалык жана адам укуктарына байланышкан маселелерден улам кыйла солгундаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG