Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Президент өкмөттүк эмес уюмдарды "ашыкча саясатташкан" деп атады


Садыр Жапаров, президент.
Садыр Жапаров, президент.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар көп учурларда ашыкча саясатташканын байкоого болорун айтты. Мындай пикирин 21-октябрда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөт башчыларынын республикалык кеңешмесинде билдирди. Бирок бул сөзүнө конкреттүү фактыларды кошкон жок.

"Бизде саясий коопсуздук жараткан маселелерди ушул чөйрөдөн көрө алабыз. Ушуга байланыштуу "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө мыйзамга" быйыл Жогорку Кеңеш тарабынан киргизилген өзгөртүүлөрдү колдодум", -деген президент жарандык коом мамлекеттин бекемделишине, өсүп өнүгүшүнө багытталган иш-чараларды өткөрүп, бийлик менен өнөктөш катары иш алып баруусу абзелдигин айтып, мамлекеттүүлүккө саясий коопсуздукка кедергисин тийгизген уюмдарга мыйзам чегинде чара көрүлөрүн эскертти.

Садыр Жапаров Кыргызстанда азыр 17 миңден ашуун өкмөттүк эмес уюмдар бар экенин белгиледи.

Президент “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга 7-июлда кол койгон. Документ жарандык коомдун, эл аралык коомчулуктун сынына кабылган.

Европа Биримдигинин өкүлдөрү расмий Бишкек менен 6-сентябрдагы жолугушуусунда бейөкмөт уюмдар, жалган маалыматтан коргоо мыйзамдары жана кылмыш кодекстерин өзгөртүүлөр боюнча тынчсыздануусун белгилеп, бул эл аралык конвенциядагы Кыргызстандын милдеттемелерине каршы келерин айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG