Кыргызгидрометагенттиги 22-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, дыйканчылык аймактарда жаан карга айланарын билдирди. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот.
Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1...6, күндүз 4...9,
Чүй жана Ысык-Көл дубандарында түнкүсүн 0...5, күндүз 1...6,
Талас жергесинде түнкүсүн -1...+4, күндүз 0...5,
Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 0...5,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...-7°.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр, кар жаайт. Түнкүсүн 1…3, күндүз 2…4°.