Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:02

Рухидин: Дин эскиликке эмес, бакытка үндөйт


Рухидин: Дин эскиликке эмес, бакытка үндөйт
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:42 0:00

Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө арналган бул подкаст көз карандысыз журналист Элмурат Аширалиевдин “Киши” подкаст долбоорунун экинчи сезону. Бул чыгарылышта кыргызстандык Рухидин "Кришна аң-сезими боюнча эл аралык коому" деп аталган диний уюмдун окуусу жөнүндө айтып берет. Ал он жылдан ашуун убакыттан бери аталган диний ишенимди тутунат.

Кыргызстандагы диний көп түрдүүлүккө арналган бул подкаст Элмурат Аширалиевдин “Киши” аттуу подкастынын 2-сезону болуп эсептелет. Бул подкаст Европа Биримдигинин колдоосу менен “Борбор Азияда радикалдашууга жана туура эмес маалымат таратууга болгон туруктуулукту күчөтүү” долбоорунун алкагында даярдалган. Андагы айтылган ой-пикирлер Европа Биримдигинин көз карашын билдирбейт.

Башмыйзам жарандардын дин тутуу жана ишеним эркиндигине кепилдик берет. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматы боюнча каттоодон өткөн диний объекттердин саны үч миңден ашат. Ал эми жалпылап келгенде алардын баары биригип, жыйырмадай ар кайсы диний багытка таандык.

Эгемендик алгандан бери Кыргызстанда диний көп түрдүүлүк пайда болду. Өлкөдө ар кайсы динди тутунгандар болсун же эч кайсы динге ишенбеген жарандар болсун бири-бири менен таанышып, пикир алыша турган аянтча (өзгөчө кыргыз тилинде) жокко эсе. Адистер коомдогу стереотиптердин калыптануусунун себептеринин бирине маалыматтын жетишсиздигин кошушат. Ушул сыяктуу себептерден улам көз карандысыз изилдөөчү Элмурат Аширалиев ар түрдүү ишенимдеги кыргызстандыктар менен жолугуп, алар жөнүндө подкаст даярдаган. “Биз бири-бирибиз жөнүндө канчалык көп маалымат алган сайын, бири-бирибизди ошончолук жакшы тааный баштайбыз. Натыйжада коомдо калыптанып калган терс көз караштар өзүнөн-өзү жоголот”, – деп эсептейт ал. Азыркы күндө Элмурат Борбор Азиядагы диндер менен мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди изилдейт.
XS
SM
MD
LG