Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Судан күчтөрү демонстранттарды жапырт камакка алууда


Судандагы аскердик төңкөрүшкө каршылык билдирип чыккан жигит. Хартум шаары, 26-октябрь, 2021-жыл.
Судандагы аскердик төңкөрүшкө каршылык билдирип чыккан жигит. Хартум шаары, 26-октябрь, 2021-жыл.

Судандын коопсуздук күчтөрү аскердик төңкөрүштөн кийин нааразылык акциясына чыккандарды таркатуу үчүн көздөн жаш чыгарчу газ чачып, желим ок менен аткылашты. Ошондой эле 27-октябрда демонстранттар жапырт кармалып жатканы маалым болду. Алардын арасында үч таанымал демократ ишмер дагы бар. Демонстранттар коопсуздук күчтөрүн көздөй таш ыргытышканын "Франс-пресс" агенттиги жазды. Маалыматтарга караганда, армия жетекчилиги чет жактагы алты элчисин өз милдеттерин аткаруудан четтетти. Судан мамлекеттик телеканалы билдиргендей, Евробиримдик, АКШ, Кытай, Франция, Катар жана Женевадагы элчилер кызматтарынан алынды.

Эл аралык коомчулук Судандагы аскердик төңкөрүштү айыптап, кармалган министрлерди бошотуусун талап кылууда. Дүйнөлүк банк бере турган жардамдарын токтотту, Африка союзу Судандагы төңкөрүштү "конституциялык эмес" деп атады. Буга чейин АКШ дагы Суданга каралып жаткан 700 миллион долларлык чукул жардамды токтоконун жарыялаган.

25-октябрдын таңында аскерлер өкмөт башчы Абдалла Хамдукту жана башка министрлерди, штаттардын губернаторлорун жана саясий партиялардын жетекчилерин кармап, бийликти басып алышкан. Хамдук кийинчерек бошотулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG