Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:47

Пакистанда диний партиянын тарапташтары менен кагылышууда үч полиция кызматкери көз жумду


Исламабадды көздөй жөө жүрүшкө чыккан "Техрик-и Лабаик Пакистан" партиясынын тарапташтары. 24-октябрь, 2021-жыл.
Исламабадды көздөй жөө жүрүшкө чыккан "Техрик-и Лабаик Пакистан" партиясынын тарапташтары. 24-октябрь, 2021-жыл.

Пакистандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, өлкөдө тыюу салынган "Техрик-и Лабаик Пакистан" исламчыл партиясынын активисттери менен болгон кагылышууда үч полиция кызматкери каза таап, 70тен ашууну жараат алды.

"Алар полицияны Калашников автоматы менен аткылашты",- деди министр Шейх Рашид 27-октябрдагы маалымат жыйынында. Ал ошондой эле жаракат алгандардын сегизинин акыбалы оор экенин кошумчалады.

Кагылышуу "Техрик-и Лабаик Пакистан" партиясынын миңдеген тарапташтары баш калаа Исламабадда жүрүшүн улантууга аракет жасаган маалда болгон.

Партиянын жетекчилиги бир нече активисти кагылышууда көз жумганын билдирди. Алар бийликтен өз лидери Саада Ризвинин бошотулушун талап кылууда. Ризви апрель айында Мухаммед пайгамбардын шакаба сүрөттөрүнө байланыштуу Францияга каршы нааразылык акциясына чыкканда кармалган.

Бир күн мурда министр Рашид аталган партиянын өкүлдөрү менен орток пикир табышканын, болгону алардын француз элчисин чыгаруу талабына макул эместигин маалымдаган.

"Техрик-и Лабаик Пакистан" партиясынын өкүлдөрү француз элчиси чыгарылмайынча жүрүшүн улантарын билдиришти. Өкмөт башчы Имран Хан демонстранттарды баш калаага киргизбөөнү буйруду.

Партиянын өкүлдөрү Лахор шаарынан 22-октябрда чыгып баш калааны көздөй багыт алышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG