Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Кажы-Сайда үйүн тарттырганын айткандар президент менен жолугушууну өтүнүштү


Өкмөт үйүнүн алды. 2021-жылдын 28-октябры.
Өкмөт үйүнүн алды. 2021-жылдын 28-октябры.

Кажы-Сайда заводго таандык үйдөн алган батиринен айрылганын айткан тургундар президент Садыр Жапаровго жолугабыз деп Бишкекке келишти. Он чакты адам 28-октябрда президенттик администрациянын өкүлдөрү менен жолукканын, бирок 14 жылдан бери оңунан чыкпай жаткан маселесин өлкө башчысынын өзүнө айтпаса чечилерине көзү жетпей турушканын “Азаттыкка” өзүн Дүйшөнбек Алымкожоев деп тааныштырган адам айтып берди:

“Биз президентке жазсак, алар Башкы прокуратурага жиберет. Башкы прокуратура облустук прокуратурага, алар райондукка жөнөтөт. Райондук прокуратурадан “Ал иш бул жылы ачылган, бул жылы жабылган” деген жооп келет. Андай жооптун бизге кереги жок, аны өзүбүз деле беш колдой билебиз. Үч-төрт күндөн бери келе баштадык. Президентке кирели дегенбиз. Киргизбей коюшту. Айла кеткенде журналисттерди чакырдык. Бүгүн президентке караштуу уюштуруу бөлүмүнөн эки киши келип, катыбызды жеткирерин, аракет кыларын айтышты, “Сотко кийлигише албайбыз” дешти. Күндө эле угуп жүргөн сөзүбүз”.

Алымкожоевдин айтымында, Кажы-Сайдагы электр техникасы боюнча заводго таандык үй жумушчуларына жана башка жергиликтүү муктаждарга 1990-1991-жылдары берилген, кийин ордердин негизинде аларга менчикке өткөрүлгөн. 2007-жылы айыл өкмөтү ошол беш кабаттуу беш үйдү башка бирөөгө сатып жиберген. Натыйжада 266 батирде жашап келген 3 миңден ашуун адам үйсүз калган.

Буга чейинки бир катар соттук териштирүүлөр үйдү кайтарып алууга жардам берген эмес.

Үйүн алдырганын айткандар азыркы ээси алар жашаган батирлерди ижарага берип, пайда таап жатканын кошумчалашты.

Расмий органдар жана талаштын экинчи тарабы азырынча бул тууралуу өз комментарийин бере элек.

Кажы-Сай айылы Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG