Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:02

Ошто онунчу кабаттан секирүүгө аракет кылган келин куткарылды


Ош шаары. Сүрөт окуяга тиешеси жок
Ош шаары. Сүрөт окуяга тиешеси жок

Ош шаарында 29-октябрда Джим көчөсүндө жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн 10-кабатынан секирүүгө аракеттенип жаткан жаран боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрилигине маалымат түшкөн.

Чакыруу болгон дарекке Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жана ӨКМдин кызматкерлери келип, аялды куткарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет жасаган аял 1986-жылы туулган. Тергөөнүн алгачкы маалыматына караганда, ал күйөөсү менен ажырашкан. Сот кенже баласын атасына калтыруу боюнча чечим чыгарган. Баласын кайтарып алуу үчүн ушундай ишке барганын "Азаттык" радиосуна Ош ШИИБден билдиришти. Шаардык милиция аялдын берген көрсөтмөлөрүн текшерип жатат.

Ажырашкан жубайлардын ортосунда 6 баласы бар экени кабарланды.

Социалдык тармакта таркаган видеодо ыйлаган келинди милиция кызматкерлери көтөрүп келип, тез жардам унаасына салганын көрүүгө болот.

27-октябрда Бишкектин Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилиши тараптагы курулуштун үстүндө 22 жаштагы жигит бир нече саат туруп, боюн таштап каза болгон.

Суицид боюнча Борбор Азияда Казакстан биринчи орунда, андан соң Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Тажикстан турат. Кыргызстанда акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында өз жанын кыйгандар көбөйгөнү байкалган. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG