Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:55

Шайлоо-2021: ИИМ саясатка аралашпасын, мыйзам бузгандар жоопко тартыларын эскертти


ИИМ имараты.
ИИМ имараты.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) парламенттик шайлоого карата даярдыгы тууралуу маалымат берип, саясатка катышпай жана кийлигишпей турганын, бардык саясий бирикмелерге мамилеси бирдей экенин, бирок эгер мыйзам бузуу аныктала турган болсо чара көрүү жана жоопко тартуу болорун эскертти.

29-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта жалпыга маалымдоо каражаттарындагы, социалдык түйүндөрдөгү коомдук тартипке жана коопсуздукка залака тийгизиши ыктымал билдирүүлөр күнү-түнү көзөмөлдөнүп турары, элдин тынчтыгын бузуучу же дүрбөлөң салуучу маалымат тараткандар жоопко тартылары айтылды.

Министрликтин басма сөз кызматынын өкүлү Адинай Шаршееванын айтымында, шайлоого карата ИИМде ыкчам штаб түзүлгөн, мындан тышкары, Боршайком менен маалымат алмашып туруу үчүн маалыматтык-аналитикалык топ иштеп жатат:

“Жалпысынан Ички иштер министрлиги шайлоо боюнча иш-чараларды өткөрүүдө чоң тажрыйбага ээ болгонун жана алдыдагы шайлоону өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту жогорку деӊгээлде камсыздоого даяр экендигин билдирет”.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябра өтөт, үгүт өнөктүгү бүгүн, 29-октябрда башталды. Жалпысынан 2435 участкалык шайлоо комиссиясы түзүлгөн. Жогорку Кеңештеги 90 орунга партиялык тизме боюнча 21 партия, бир мандаттуу округдардан 321 талапкер ат салышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG