Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Мамкатчы Касмамбетов демократияны сындап, коммунизмдин жетишкендиктерин айтты


Сүйүнбек Касмамбетов.
Сүйүнбек Касмамбетов.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов «Кыргыз Туусу» өкмөттүк гезитине маек куруп, ээлеген кызматынын милдеттери жана функциялары тууралуу айтып берди. Өз сөзүндө Касмамбетов демократия идеясын “Ал элибиздин жашоо-турмушунда табигый тамырлай алган жок. Тескерисинче, көп жоготууларга дуушар болдук” деп сындады.

Интервьюнун кыргызчасы жана орусчасы президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Касмамбетов коммунисттик идеология адамдын аң-сезиминин, руханий дүйнөсүнүн калыптанышына түздөн-түз жооп берген моралдык институт болгонун айтып, “Советтик эл“ деп түзүлгөн улуттук жалпылык уникалдуу феномен болгонун эми сезип жатабыз” деди жана “Тарых тастыктап тургандай, натыйжасы жаман болгон жок” деп кошумчалады.

Мамкатчынын пикиринде, акыркы отуз жылда “сырттан таңууланган либералдык демократия идеологиясы үстөмдүк кылды, бирок ал элдин жашоо-турмушунда табигый тамырлай алган жок”.

“Тескерисинче, көп жоготууларга дуушар болдук. СССРдин курамында 70 жыл тырмышып жүрүп куруп алган эл чарбасынан ажырадык. Эл алеки саатта бай-кедей болуп ажырымдалып, элдешкис эки тапка бөлүндү. Илим-билим системасы кыйрады, элдин каада-салты, ар-намысы кор болду”, – деди Касмамбетов.

Анын айтымында, мамлекеттин өнүгүүсүнүн жаңы модели жана ага төп келе турган идеология түзүлүшү шарт.

“Маселен, дүйнөдөгү мамлекеттердин дээрлик көпчүлүгү ийгиликтүү колдонуп жаткан конвергенция моделин колдонсок болот. Бул өзү социализмдин жана капитализмдин жакшы жактарын кылдаттык менен пайдаланып, жаман жактарын ыргытып таштоо деген сөз”, - деди мамлекеттик катчы.

Садыр Жапаров Сүйүнбек Касмамбетовду мамлекеттик катчы кызматына 12-октябрда дайындаган, ага чейин ал президенттик администрациянын башчысы болчу. Мамлекеттик катчылык институту Кыргызстанда алгач 2009-жылы негизделген. Бул кызмат быйыл 5-майда күчүнө кирген жаңы Конституцияда да каралган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG