Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Эдил Байсалов КТРКда криминалдык тасма көрсөтүлгөнүн сындады


КТРКга караштуу телеканалдардын микрофондору. Иллюстрациялык сүрөт.
КТРКга караштуу телеканалдардын микрофондору. Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орунбасары Эдил Байсалов Коомдук телерадикорпорацияда (КТРК) криминалдык тасманын көрсөтүлүшүн кылмышка тете көрүнүш деп баалады.

30-октябрда эртең менен КТРКнын негизги каналында эфирге берилген көркөм фильмди сындап, "Твиттерге" жазган.

Байсалов "Азаттыкка" комментарий берип, кан жайылган, жаман сөздөр колдонулган тасманы көрсөтүү туура эместигин, балдарга терс таасир берерин билдирди жана каналдын жоопкерчилиги караларын айтты.

"Мен тапшырма бердим. Себеби, мындай тасманы эфирге берүү телекөрсөтүү боюнча мыйзамдарга да, коомдук каналдын жоболоруна да туура келбейт",- деди Байсалов.

КТРКнын башчысы Кайрат Иманалиев эфирде кайсы кино көрсөтүлгөнүн тактап, анан комментарий берилерин билдирди. Каналдын байкоочу кеңешинин төрагасы Кубат Болотканов Байсаловдун сыны жөндүү экенин белгиледи, бирок азыркы мыйзамдарга ылайык, бийлик өкүлү телеканалдын ишине кийлигишпеши керектигин кошумчалады.

КТРК - коомдук болуп саналат, анын ишмердигин Байкоочу кеңеш көзөмөлдөйт. Бийлик каналдын ишине аралашпоого тийиш.

Президент Садыр Жапаров 23-октябрдагы жылдык маалымат жыйынында КТРКнын Байкоочу кеңеши алдына койгон максат-милдеттерди аткара албай жатканын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG