Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:42

Коронавирустан дагы эки бейтап көз жумду, 81 киши жуктуруп алды


Коронавирус
Коронавирус

30-октябрга карай Кыргызстанда дагы 81 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Акыркы бир суткада эки бейтап көз жумганын, экөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Өлкөдө коронавирус жугуп кайтыш болгондордун расмий саны 2668ге жетти.

Ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 181 миңден ашып, алардын 175 миңден көбү айыкты.

Коронавирус инфекциясына каршы 1 миллион 172 миңдей адам вакцина алды. Адистер коомдук иммунитет калыптанышы үчүн 2,5 миллиондой киши эмделиши керектигин айтышат.

Кыргызстанда 18 жаштан өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз сайылууда. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG