Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:08

Шайлоо бюллетенинде оппозициялык партиялар алдыңкы катарда болот


Парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын добуш берүү бюллетениндеги катар номурлары аныкталды. Борбордук шайлоо комиссиясында (БШК) 30-октябрда өткөн чүчү кулактын жыйынтыгында, оппозициялык деп сыпатталган партиялар алдыңкы катардан орун алышты.

  1. "Ата Мекен";
  2. "Бүтүн Кыргызстан";
  3. "Альянс";
  4. "Легалайз";
  5. "Ыйман Нуру";
  6. "Күчтүү регион";
  7. "Багыт";
  8. "Ынтымак";
  9. "Ишеним";
  10. "Азаттык";
  11. "Мекенчил эл";
  12. Жашылдар партиясы;
  13. "Жашасын Кыргызстан";
  14. Социал-демократтар;
  15. "Аруузат — Эл куту";
  16. Кыргызстандын биримдиги патриоттук партиясы;
  17. "Улуттар биримдиги";
  18. "Эл үмүтү";
  19. "Ордо";
  20. "Улуу-Журт";
  21. "Ата Журт Кыргызстан".

Чүчү кулак тартуу жараянына журналисттер жана байкоочулар көз салып, Боршайкомдун "Ютубдагы" каналында да түз көрсөтүлдү.

Бир мандаттуу округдардан катыша турган талапкерлердин бюллетендеги номурлары ар бир аймакка жараша өз өзүнчө аныкталат.

Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо 28-ноябрда болот. Парламенттеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланып келет.

Шайлоодо ат салышуу үчүн 21 партия, бир мандаттуу округдардан 321 талапкер катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG