Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Жазуучу Мар Байжиев менен коштошуу зыйнаты 31-октябрда болот


Кыргыз эл жазуучусу, белгилүү драматург Мар Байжиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты 31-октябрда Бишкектеги опера-балет театрында өтөт. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

III даражадагы «Манас» жана «Данакер» ордендеринин ээси Мар Байжиев 29-октябрда 86 жаш курагында көз жумду.

Анын классикага айланган драмалары дүйнөнүн ири сахналарында коюлган. Сценарийлери боюнча бир катар фильмдер тартылган. Чыгармалары орус жана кыргыз тилдеринде жаралып, ал мурдагы совет адабиятындагы саналуу кош тилдүү калемгерлердин бири болгон. Эмгектери чет тилдерге которулуп, өзүнчө китеп болуп басылып чыккан. 2019-жылы ага КМШ өлкөлөрүнүн "Шериктештик жылдызы" сыйлыгы берилген.

Президенттин сайтына чыккан көңүл айтуу текстинде Байжиевдин дүйнөдөн кайтышы менен кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учураганы белгиленди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG