Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:05

Москва менен Минск интеграциялык декретке кол коюшту


Александр Лукашенко менен Владимир Путин. 9-сентябрь 2021-жыл
Александр Лукашенко менен Владимир Путин. 9-сентябрь 2021-жыл

Орусия жана Беларус лидерлери 4-ноябрда Союздук келишимдин интеграциялык декретине кол коюшту. Орус маалымат каражаттары документке сентябрда жактырылган 26 программа камтылганын билдиришти. Андан тышкары онлайн жыйында Владимир Путин менен Александр Лукашенко бирдиктүү аскердик доктринаны бекитишти. Кол коюу учурунда аннексияланган Севастополь шаарында жүргөн орус президенти Москва менен Минск "ички иштерге кийлигишүү аракеттерине чогуу туруштук берүүнү көздөшөт", Орусия "бир тууган беларус элине жардам берүүнү улантарын" белгиледи.

Союздук программаларга саясий интеграцияга байланышкан демилгелер кирген жок.

Интеграцияны тереңдетүү сүйлөшүүлөрү былтыр Лукашенко президенттик шайлоодон кийинки нааразылык акцияларды күч менен баскандан кийин жыйынтыктоочу баскычка кирген. Беларус оппозициясынын айрым өкүлдөрү Лукашенко Москванын колдоосуна ээ болом деп, өлкөнүн суверенитетинен баш тартышы мүмкүн деп чочулашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG