Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

Москва ЮКОСтун мурдагы акционерлерине 50 млрд. доллар төлөшү керек деген чечим жокко чыкты


ЮКОСтун Москвадагы кеңсеси, 29-июль 2021-жыл
ЮКОСтун Москвадагы кеңсеси, 29-июль 2021-жыл

Нидерланддын Жогорку соту Орусия ЮКОС компаниясынын мурдагы акционерлерине 50 миллиард доллар кенемте төлөшү керек деген 2014-жылкы чечимди жокко чыгарды. Иш кайра кароого сотко жөнөтүлдү.

Орусиянын бир кездеги ири мунай компаниясынын негиздөөчүсү Михаил Ходорковский салыктан качуу жана каражатты кымырып алуу иши боюнча айыпталгандан кийин 2006-жылы банкротко учураган. Активдердин көбү мамлекеттик "Роснефть" компаниясына өткөн. Ошондо мурдагы акционерлер каражаттарын кайтарып алуу максатында Гаагадагы эл аралык арбитраждык сотко кайрылышкан.

2014-жылы сот орус мамлекети эл аралык милдеттемелерди бузуу менен ЮКОСту банкроттукка жеткирген деп Москва аларга 50 миллиард доллар төлөп бериши керек деп чечкен. Орусия ошондон бери чечимди Нидерланддын сот инстанцияларында талашып келди.

Жогорку сот төмөнкү инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарганын процедуралык маселелер менен түшүндүрүп, Орусиянын эл аралык милдеттемелер туура эмес чечмеленген деген аргументтери суу кечпейт деп билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG