Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Байсалов Борбор Азиянын дүйнөдөгү ролу маанилүү экенин айтты


"Европа биримдиги жана Борбор Азия ортосундагы бизнес-өнөктөштүк" бизнес-форуму. Бишкек. 05.11.2021
"Европа биримдиги жана Борбор Азия ортосундагы бизнес-өнөктөштүк" бизнес-форуму. Бишкек. 05.11.2021

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Борбор Азияны биргеликте өнүктүрүү зарыл деп эсептейт.

Ал бул тууралуу Бишкекте өткөн "Европа Биримдиги жана Борбор Азия ортосундагы бизнес-өнөктөштүк" бизнес-форумунда билдирди.

"Биздин регион динамикалуу, билимдүү, интеграциялашкан, тынч жана туруктуу аймак катары гана дүйнөдө маанилүү ролду ойной алат. Ошондой эле бул биздин регионду өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарыл дегенди түшүндүрөт", - деди Байсалов.

Ал форум алкагында иштелип чыккан идеялар жана сунуштар өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгат деп эсептейт.

Байсалов күч-аракеттерди бириктирүү менен гана өлкөлөрдүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн, сооданын акыйкат эрежелерин жана чыныгы атаандаштыкты орнотуп, суу ресурстарын башкарууну, экстремизмге каршы күрөштү камсыздоого жана башка маселелерди чечүүгө мүмкүндүк ала турганын кошумчалады.

"Европа Биримдиги жана Борбор Азия ортосундагы бизнес-өнөктөштүк" форум өнөктөштөр ортосундагы маанилүү маселелерди талкуулоого арналган. Ага 250дөн ашык жергиликтүү жана чет элдик ишкерлер, Борбор Азия өлкөлөрүнөн 40тан ашык компаниянын өкүлдөрү келди. Форумдун расмий бөлүгүндө, чакан ГЭСтер, айыл чарба, билим берүү жана жашыл экономика боюнча алты келишимге кол коюлду.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында алгач ирет өтүп жаткан бул иш-чара Еврошаркет менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG