Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Жапаров: Евробиримдик менен Борбор Азиянын кызматташтыгынын жаңы барагы ачылууда


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын кызматташтыгынын жаңы барагы ачылып жатканын айтты. Мындай пикирин 5-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форумунда билдирди.

"Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын кызматташтыгында жаңы барак ачылууда. Бул тарыхый окуя. Дал ушул конференциянын Бишкекте өтүп жатканына абдан терең маани беребиз. Бул кызматташтык эки чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн ортосундагы 2019-жылы кол коюлган кызматташтык стратегиясына ылайык келет", - деди Жапаров.

Кыргыз президенти Борбор Азия өлкөлөрү эркиндик, адилеттик, теңдик деген баалуулуктарды колдой турганын кошумчалады. Ал Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык жаатта жыл өткөн сайын кызыгуу жаратып жатканын белгилеп, бул аймактын потенциалы жогору экенин билдирди.

"Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форуму алгач ирет өтүп жатат. Ал Еврошаркет менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан форумга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын, Өзбекстандын өкмөт башчылары, Тажикстан менен Түркмөнстандын вице-премьер- министрлери, Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Андан сырткары Венгрия жана Австриянын тышкы иштер министрлери келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG