Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

Париж: Иран Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен кызматташууга тийиш


Ирандын желеги. Иллюстрациялык сүрөт.
Ирандын желеги. Иллюстрациялык сүрөт.

Франция Ирандын Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик менен кызматташпай жатканына кандай жооп кайтаруу керектигин өнөктөштөр менен талкуулап жатканын билдирди.

Франциянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Анн-Клэр Лежандр 4-ноябрда маалымдагандай, Париж Тегерандын өзүнө алган милдеттенмелерди аткарышына жакындан байкоо салып турат.

"Иран чечиле элек маселелерди жөнгө салуу үчүн агенттик менен диалогду жана кызматташтыкты жандантууга тийиш", - деди Лежандр.

Ирандын өзөктүк программасы боюнча эл аралык келишимди сактап калууну көздөгөн сүйлөшүүлөр дээрлик беш айлык тыныгуудан кийин 29-ноябрда уланарын 3-ноябрда Европа Биримдигинин расмий өкүлү билдирди.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы – Британия, Кытай, Франция, Германия, Орусия жана АКШ кол койгон келишимге ылайык, Тегеран өзүнүн атомдук программасын чектемек. Бул үчүн өлкөгө каршы киргизилген экономикалык санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп келишимден чыгып кетип, санкциялар калыбына келе баштаган. Ошондон кийин Ислам жумурияты документтеги милдеттенмелерин аткаруудан баш тарткан.

Быйыл Венада Иран жана дүйнөлүк алты держава ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн алты айлампасы өткөн.

Батыш Иран атомдук куралдын үстүнөн тымызын иштеп жатканын айтып келсе, Тегеран бийлиги программасы тынчтык максаттарын гана көздөрүн билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG