Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Будапешт - Бишкек авиакаттамы ачылары айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Будапешт - Бишкек авиакаттамы ачыларын бүгүн, 5-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форумунда Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто билдирди. Ал Борбор Азия чөлкөмү менен кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн Европа өлкөлөрү активдүүлүк көрсөтүшү керектигин билдирди.

Министр бул үчүн беш нерсени: саясий, экономикалык, финансылык экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, бул чөлкөмдө өкүлчүлүктөрдү ачуу жана эки региондо жашаган адамдар ортосундагы байланышты чыңдоо зарылдыгын кошумчалады.

Сийярто бул жаатта расмий Будапешт соңку жылдары өтө активдүү иш алып барып жатканын белгилеп, Бишкек, Ташкент, Нур-Султан жана Дүйшөмбүдө элчилик ачылганын билдирди.

Ошондой эле, Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн 540 студентти акысыз окутуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн кошумчалады.

Венгр министри эки региондогу адамдар ортосундагы байланышты чындоо үчүн марттан тарта жумасына эки жолу Бишкек - Будапешт багытындагы авиакаттам ачыларын билдирди. Жүргүнчүлөрдү Wizz Air лоукостеринин учактары тейлейт.

Бишкекте 5-ноябрда "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форуму “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өтүп жатат. Алгач ирет өтүп жаткан бул иш-чара Еврошаркет менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган. Эл аралык иш-чаранын алкагында ишкерлердин бизнес-форуму да уюштурулган. (BkA)

XS
SM
MD
LG