Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 19:37

Венгрияга түз каттам ачылат, Казакстан менен алака артат


"Европа Биримдиги-Борбор Азия" экономикалык форуму.

Бишкекте "Европа Биримдиги-Борбор Азия" экономикалык форуму өттү. Алгач жолу уюштурулган бул иш чара Еврошаркет менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган. Форумда эки региондогу өлкөлөрдүн жашыл экономиканы өнүктүрүү, санариптештирүү жана инвестиция жаатындагы алаканы күчөтүү талкууланды.

Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн “Европа Биримдиги-Борбор Азия” экономикалык форуму пандемия шартындагы ири эл аралык иш-чара болуп калды. Мындай форматтагы регион аралык жыйын алгач жолу уюштурулган.

Форумга Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов, Тажикстан жана Түркмөнстандын вице-премьерлери баштаган делегациялары жана бир катар эл аралык финансы институттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарага алкагында жашыл климаттык экономикага өтүү, санариптештирүү жана инвестиция тартуу жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Жыйында сөз сүйлөгөн кыргыз президенти Садыр Жапаров бул иш-чаранын маанисин белгиледи. Ал Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын ортосундагы кызматташтыктын жаңы аянтчасы Кыргызстанда түзүлүп жатканын белгиледи.

"Мен бүгүн биз Европа Биримдиги менен Борбордук Азиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүдө жаңы этаптын башталышын айта алабыз деп эсептейм, бул бизге негиздүү оптимизмди берет. Бул конвергенция 2019-жылы Бишкекте бекитилген Евробиримдиктин Борбордук Азия боюнча жаңы Стратегиясынын максаттарына жана милдеттерине жооп берерин өзгөчө канааттануу менен белгилейм. Дал ушул өлкөбүздүн борборунда биз алдыдагы жылдарга экономикалык кызматташтыктын пайдубалын түптөп жатканыбыз терең символикалуу, бул бүгүнкү иш-чарага конструктивдүү түрткү берет".

Кыргыз президенти Борбор Азия өлкөлөрү эркиндик, адилеттик, теңдик деген баалуулуктарды колдой турганын кошумчалады. Ал Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык жаатта жыл өткөн сайын кызыгуу жаратып жатканын белгилеп, бул аймактын потенциалы жогору экенин билдирди.

Экономикалык форум Кыргызстан үчүн Глазгодогу климаттык саммиттин логикалык уландысы болуп калды. Биринчиден, президент Жапаров өлкө башчысы катары Европага алгач жолу чыгып, өз саясатын жар салган эле. Бул жолу да дал ушул риторикасын улантып батыш мамлекеттерине Кыргызстан экологияны сактоонун тарапташы экенин дагы бир ирет эскертти.

"Адам укугу, коррупцияга каршы күрөшкө маани берилет"

Жыйындын ачылышында Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйендин онлайн байланыш аркылуу сөз сүйлөп, экономикалык алаканы түзүүдө экологияны эстен чыгарбоого чакырды.

"Быйыл жайдагы кургакчылык түшүмсүз калтырып, мал-жандык чыгым болду. Бирок Борбор Азия абдан көп кайра калыбына келүүчү энергиянын булактарына эгедер. Каражат туура салынса, силердин регион көмүргө көз каранды болбой, адамдар дем алчу таза аба менен катар жумуш орундарын түзө алат. Ошондуктан, бул жаатта биргеликте иштешибиз керек”.

Урсула фон дер Ляйен.
Урсула фон дер Ляйен.

Еврокомиссиянын төрайымы кызматташтыктын бир багыты катары санариптешүүнү атап, бул жаатта Европа өлкөлөрү тажрыйба бөлүшүүгө даяр экенин кошумчалады.

Ошондой эле Урсула фон дер Ляйен Борбор Азиядагы мыйзам үстөмдүгүн, акыйкат сот системасын туруктуу өнүгүүнүн пайдубалы экенин эскертүүнү унуткан жок.

Европа комиссиясынын вице-президенти Валдис Домбровскис болсо Европа Биримдиги менен Кыргызстандын ортосунда соода, инвестиция, жашыл экономика, санариптештирүү чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүүгө жогорку мүмкүнчүлүк бар экенин белгилеген.

Ал Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык жаатта жыл өткөн сайын кызыгуу жаратып жатканын белгилеп, бул аймактын потенциалы жогору экенин айтты.

Ошол эле маалда Домбровскис бул жолу Еврошаркет экономикалык кызматташтыкты жүргүзүүдө аймактагы адам укугунун сакталышы, коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүнө өзгөчө маани берилерин белгиледи.

Инвестор күткөн өкмөттөр

Форумда сөз сүйлөгөн Борбор Азиянын өкмөт өкүлдөрү экологиялык маслелер менен катар ар бири өз өлкөсү европалык инвесторлор үчүн эң ыңгайлуу жай экенин далилдөөгө аракет кылышты. Бул жаатта региондун лидери катары көрсөткүсү келген Өзбекстан жана Казакстандын өкмөт башчылары убадаларды айтып жатты.

Маселен, казак премьер-министри Аскар Мамин пандемияга карабай экономика оң жыйынтык көрсөткөнүн айтса, өзбек өкмөт башчысы Абдулла Арипов расмий Ташкент бүткүл дүйнөгө ачык экенин алга сүрөп, инвесторлорго түзүлгөн шарттарды тизмектеди.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов форумда Борбор Азия динамикалуу, билимдүү, интеграциялашкан, тынч жана туруктуу аймак катары гана дүйнөдө маанилүү ролду ойной турганын белгиледи.

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

"Форум алкагында иштелип чыккан идеялар жана сунуштар өлкөлөр ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди жаңы деңгээлге алып чыгат. Биздин регион динамикалуу, билимдүү, интеграциялашкан, тынч жана туруктуу аймак, демек, мунун өзү – биз дүйнөдө өзгөчө орунга ээ болобуз дегенди билдирет. Ошондой эле, бул биздин регионду өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана өз ара пайдалуу биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу зарыл дегенди түшүндүрөт", - деди Байсалов.

Ал күч-аракеттерди бириктирүү менен гана өлкөлөрдүн экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн, сооданын акыйкат эрежелерин жана чыныгы атаандаштыкты орнотуп, суу ресурстарын башкарууну, экстремизмге каршы күрөштү камсыздоого жана башка маселелерди чечүүгө мүмкүндүк ала турганын билдирди.

Жалпысынан Евробиримдиктин Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтыгы жалпы чөлкөмдүк масштабда эмес, ар бир өлкө менен эки тараптуу негизде жүрүп келген. Аймакта бул тармакта Казакстан жигердүү иш алып барып, өлкөгө келген түз инвестициянын жарымына жакыны Европа өлкөлөрүнө туура келген.

Ал эми Өзбекстан болсо 2016-жылы бийлик алмашкан соң Ташкент Европа Биримдиги менен алаканы жакшыртууга аракет кылып жатканын белгилешет.

Бирок соңку жылдары Евробиримдик Борбор Азиядагы өлкөлөр менен эки тараптуу кызматташтыктан сырткары аймактык алакага басым кылууда. 5+1 форматындагы жолугушуулар, конференциялар байма-бай уюштурулуп келүүдө. Дал ушундай демилгелерди ишке ашыруучу маанилүү аянтча бүгүнкү форум болорун жана Бишкекте өтүшүнө кыргыз бийлигинин өкүлдөрү өзгөчө маани берип жатышат. Анткени, Борбор Азиядагы улам бир бийлик алмашып, олку-солку болуп турган өлкөдө ири иш-чаранын уюштурулушун жетишкендик катары белгилешүүдө.

Аймакта Кыргызстандын буга чейин парламенттик жолду тандап, демократиялык баалуулукта Европа биримдиги маани берери айтылып келген. Бирок быйыл жыл башында конституциялык реформадан соң президенттик башкарууга кайткан соңөлкөдө демократиялык жолго тайбоого чакырып келет.

Брюссел Кыргызстанды "ВСП+" - Жалпы жеңилдиктер системасын колдонууга уруксат бар тогуз өлкөнүн катарына киргизсе да Бишкек бул макамды толук колдоно албай жатканын айткандар бар.

Евробиримдик үчүн Борбор Азия өлкөлөрүндө экономикалык кызматташтык менен катар бир топ түйшөлткөн маселелер бар. Ал бул чөлкөмдө дээрлик бардык өлкөлөрдө адам укуктары, сөз эркиндиги жаатында кыйынчылыктар бар деп эсептейт. Буга чейин Брюссел маалыматты манипулциялоого каршы деп аталган мыйзамдын кабыл алынышын, аймактагы сөз эркиндиги, адам укуктары жаатындагы абалга тынчсыздануусун билдирип келет.

“Европа Биримдиги-Борбор Азия форуму” жыл сайын өткөрүү сунушу болду. Муну Кыргызстан демилгелеген. Сунуш колдоо таап, кийинки форум Казакстанда өтмөй болду.

Будапешт​ке түз каттам, Казакстан менен алака

Ушул эле күнү Бишкекте Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун расмий ачылышы болду. Кыргызстандан ага экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто жана фонддун башкармалыгынын өкүлдөрү катышты.

Экономикалык форумда сөз сүйлөгөн Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто Будапешт-Бишкек авиакаттамы ачыларын, ошондой эле Борбор Азиядагы өлкөлөрдөн 540 студентти акысыз окутуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн белгиледи.

Экономикалык форумдун алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушканы маалым болду.

Расмий маалыматка караганда, тараптар Казакстандан электр энергиясын жеткирүү жана анын аймагы аркылуу электр энергиясын транзиттөө маселелерин талкуулашкан. Бул маселелерди иштеп чыгуу боюнча тиешелүү министрликтердин жетекчилерине тапшырма берилди. Жолугушуунун алкагында дүң бөлүштүрүү борборлорун куруу, казакстандык инвестицияларды тартуу менен өнөр жай-соода-логистикалык комплексин түзүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, Ысык-Көлдө казакстандык пансионаттардын иштеши боюнча маселелер каралды.

Мындан тышкары, коронавирус инфекциясына каршы вакцина алган Кыргызстандын жарандары үчүн Казакстандын өткөрүү пункттарын ачуу маселелери талкууланды. Бул маселелерди эки өлкөнүн тармактык министрликтери карап чыгышары маалыматта белгиленген.

Министрлер кабинетинин төрагасы ​Акылбек Жапаров форумдан кийинки маалымат жыйында "Европа Биримдиги - Борбор Азия" экономикалык форуму кийинки жылы Казакстанда өтө турганын жарыялады. Анын айтымында, Бишкектин бул сунушун Нур-Султан колдогон. Жапаров ошондой эле, Бишкектеги форумда айтылган сунуштар анализденерин кошумчалады.

"Европа Биримдиги-Борбор Азия" экономикалык форумуна Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын өкмөт башчылары, Тажикстан менен Түркмөнстандын вице-премьер-министрлери, Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Андан сырткары Венгрия жана Австриянын тышкы иштер министрлери келди.

Жыйынды толук видеодон көрсөңүз болот.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG