Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:27

Урсула фон дер Ляйен: Борбор Азия санариптештирүү жаатында Европанын үлгүсүн колдонсо болот


Урсула фон Дер Ляйен
Урсула фон Дер Ляйен

Бишкекте өтүп жаткан “Европа Биримдиги-Борбор Азия” экономикалык форумунун ачылышында Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен онлайн байланышта сөз сүйлөдү.

Ал Борбор Азия Европа үчүн, Европа Борбор Азия үчүн маанилүү экенин белгиледи. Еврокомиссиянын президенти бүгүнкү конференциянын негизги багыттары болгон жашыл, туруктуу, климаттык экономикага өтүү, санариптештирүү тармактарында кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

“Бул конференциянын алкагында жашыл экономиканы калыбына келтирүү тууралуу айтышыбыз керек. Борбор Азия климаттын өзгөрүшүнүн кесепетинен жабыр тартууда. Быйылкы кургакчылык буга күбө. Бирок Борбор Азия гидроресурстарга ээ. Бул жаатта биргеликте иштешибиз керек",- деди ал.

Урсула фон дер Ляйен Борбор Азия өлкөлөрү санариптештирүү жаатында Европанын үлгүсүн колдонсо болорун кошумчалады.

Бишкекте 5-ноябрда "Европа Биримдиги-Борбор Азия" экономикалык форуму башталды. Алгач ирет өтүп жаткан бул иш-чара Еврошаркет менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган.

Форумга Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстан, Өзбекстандын өкмөт башчылары, Тажикстан менен Түркмөнстандын вице-преьмер-министрлери, Еврокомиссиянын аткаруучу вице-президенти Валдис Домбровскис жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Андан сырткары Венгрия жана Австриянын тышкы иштер министрлери келген.

Жапаров бул иш-чарада сүйлөгөндө Борбор Азия менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташтыктын жаңы барагы ачылып жатканын айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG