Акыйкатчынын кеңсеси Бишкектин Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери эки жыл мурун жоголгон кызды издөөгө албаганын билдирди.
5-ноябрда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы маалыматында, 2019-жылы 19 жаштагы кыз жоголгондо аны издөөгө милиция көңүл бурбаганы жазылган. Кыздын жакындары акыйкатчыга кайрылып, күч органдарына жазылган арыздын жыйынтыгы болбой жатканын айтышкан.
Акыйкатчы кеңсесинин кызматкерлери Бишкек шаардык прокуратурасынан аныктагандай, жоголгон адамдын жакындарынын арызы бир жылдан кийин 2020-жылдын октябрында катталып, кыз дайынсыз жоголгон деп жарыяланган. Райондук милицияда бул иш боюнча сотко чейинки өндүрүш 2020-жылдын 16-октябрында токтотулган. Декабрда прокуратура бул чечимди жокко чыгарып, кайрадан тергөөгө жөнөтүлгөн. Андан бери аткарылган иштердин жыйынтыгы көрсөтүлгөн эмес.
Иштин чоо-жайы иликтенип, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Ленин райондук милициясынын тергөөчүсүнө жана эки ыкчам кызматкерлерге чара көрүү сунушталды.
Шаардык милиция азырынча буга комментарий бере элек.