Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:30

Коронавирус жуккан дагы эки бейтап көз жумду


Коронавируска анализ алуу учуру.
Коронавируска анализ алуу учуру.

6-ноябрга карай Кыргызстанда коронавирустан дагы эки бейтап кайтыш болду. Экөө тең вакцина албагандар экенин Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

Акыркы бир суткада 96 киши инфекцияны жуктуруп алганы аныкталды. Анын теңинен көбү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда.

Ооруга чалдыккандар 2020-жылдын март айынан бери 182 миңге жакындап калды. Коронавирустан өлгөндөрдүн расмий эсеби - 2683.

Кыргызстанда коронавируска каршы вакцина алгандар 6-ноябрда 1 млн. 800 миңге жакындап калды. Анын миллиондон ашууну биринчи дозаны, калганы эки дозаны тең сайдырышты. Эмдөө бир адамга эки жолу берилет, аралыгы 21 күн болууга тийиш.

Жашы 18ден өткөн жарандарга Sinopharm, Pfizer/BioNTech, Astra Zeneca, KazVac препараттары акысыз алат. Саламаттык сактоо министрлиги Sputnik-V вакцинасы түгөнгөнүн билдирген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө бул ооруну жуктуруп алгандар 250 миллионго чукулдады. Анын 5 миллиондон көбү кайтыш болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG