Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Орусия Gulagu.net долбоорунун негиздөөчүсүнө кайра издөө жарыялады


Владимир Осечкин
Владимир Осечкин

Орусиянын Ички иштер министрлиги Gulagu.net укук коргоо долбоорунун негиздөөчүсү Владимир Осечкинге кайра издөө жарыялады.

Осечкиндин сүрөтү министрлик издөө салган кишилердин базасынан чыкты. Маалыматта Осечкинге "кайра издөө жарыяланганы" айтылат. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги билдирди. 2015-жылдан бери укук коргоочу Орусияда жашабайт.

Былтыр июлда Москванын соту Осечкинди көз боёмочулукка айыптап, аны кармоого сыртынан санкция салганы маалым болгон. Иштин чоо-жайы айтылган эмес.

Осечкин Орусиянын түрмөлөрүндөгү кыйноо фактыларын ачык жарыялагандан кийин Тергөө комитети Федералдык жаза аткаруу комитетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш ишин ачкан. Мекеменин Саратов облусундагы башкармалыгынын жетекчиси Алексей Федотов өз арызы менен иштен кеткен.

Быйыл октябрдын башында Gulagu.net порталынын негиздөөчүсү орус түрмөлөрүндөгү адам чыдагыс кыйноонун видеолорунун чоң архиви колуна тийгенин билдирген. Аларды Саратовдогу колонияда отуруп чыккан, программист Сергей Савельевден алганын айткан.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Савельевге издөө жарыялап, аны кармап, экстрадициялоо үчүн документтер даяр экенин жарыялаган. Ушул тапта Савельев Францияда жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG