Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

Садыр Жапаров шайлоодон кийин "чыккынчыларды" жоопко тарта турганын айтты


Президенттин Баткен облустук медиа борборуна маек курган учуру.
Президенттин Баткен облустук медиа борборуна маек курган учуру.

Президент Садыр Жапаров Баткен облустук медиа борборуна маек куруп, шайлоодон кийин "чыккынчыларды" жоопко тарта турганын билдирди. Ошол эле учурда президент кайсы чыккынчылар жөнүндө сөз болуп жатканын жана алар кандай кылмыштары үчүн жоопкерчиликке тартыларын тактаган жок.

Интервьюнун тексти 19-ноябрда президенттик админстрациянын сайтына жарыяланды.

Баарлашуу учурунда журналист Министрлер кабинетинде эмне үчүн Баткен облусунан өкүлдөр жок жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасында бул аймактан келгендер аз экенине кызыкты.

Жапаров Баткенден чыккан министрлер менен депутаттар облустун гүлдөп-өсүшүнө кепилдик бере албастыгын айтып, 30 жылда мындай адамдар "жерди сатып, сазга батырып кеткенин" айтты.

Облустук медиа борбордун өкүлү чыккынчылар эмне үчүн жоопко тартылбай жатканын сурады, ага президент алар парламенттик шайлоодон кийин жоопко тартыларын билдирди.

"Азыр шайлоо процесси жүрүп жатат. Мындай учурда суракка ала албайсың. Шайлоодон кийин суракка алып, дыкат териштирип, күнөөлүүлөрдү, мейли ким болбосун жоопко тартабыз. Саткындар, чыккынчылар үчүн мөөнөт чектелбеш керек", - деди президент.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG