Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Зеленский Орусиянын 28 чалгынчысына санкция салууга жарлык чыгарды


 Украинанын президенти Владимир Зеленский (солдо) жана Орусиянын президенти Владимир Путин (оңдо). Коллаж.
Украинанын президенти Владимир Зеленский (солдо) жана Орусиянын президенти Владимир Путин (оңдо). Коллаж.

Президент Владимир Зеленский Украинанын Коопсуздук жана коргонуу кеңешинин Орусиянын чалгын кызматында иштеген 28 кишиге жана Крымда адам укугун бузууга аралашкан деген кине коюлган алты адамга карата чечимин ишке ашыруу боюнча жарлыкка кол койду.

Август айында Украинанын Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңеши Крымдагы телекөрсөтүү, маалымат агенттиктери жана интернет сайттары сыяктуу 12 юридикалык тарапка санкция киргизген. Аларга Украинага каршы маалыматтык "согушка" катышкан деген негиздеме менен чара көрүү чечими чыккан.

2014-жылы Москва Крымды аннекциялап алып, референдум өткөрүп, жарым аралды өзүнө каратып алган. Украина жана дүйнөдөгү бир катар өлкөлөрдүн көпчүлүгү бул аскердик актыны айыптаган.

2014-жылдан бери Украинанын чыгышында Орусия колдогон жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн чатагы уланууда. Анын кесепетинен 13 миңден ашуун адам каза болгон. Киев Москваны жикчилдерге аскердик колдоо көрсөтүүдө деп айыптап, ал эми Кремл муну четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG