Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:41

Австрия калкты милдеттүү эмдөө чарасын жарыялады


Австрия. Иллюстрациялык сүрөт.
Австрия. Иллюстрациялык сүрөт.

Австрия Евробиримдиктин ичинде өз жарандарын милдеттүү эмдөөдөн өткөрүүнү жарыялаган биринчи өлкө болду.

Өкмөттүн жаңы буйругуна ылайык, жашоочулар 2021-жылдын 1-февралына чейин толук эмдөөдөн өтүшү керек. Бул тууралуу 19-ноябрда Австриянын өкмөтү билдирди.

Мындан тышкары, бийлик 10 күнгө жалпы карантиндик чектөө киргизди. "Ал эң көп дегенде дагы 20 күнгө узартылышы мүмкүн", - деди канцлер Александр Шалленберг.

14-ноябрдан тарта коронавируска чалдыккандардын саны көбөйгөнүнө байланыштуу Австрия өкмөтү өлкөнүн эмдөөдөн өтпөгөн жашоочулары үчүн катаал чектөөлөрдү киргизди.

Австрияда калктын үчтөн экисине жакыны эмделген. Бул Батыш Европадагы эң төмөнкү көрсөткүчтөрдүн бири. Чектөө чаралары эки миллионго жакын адамга таасирин тийгизет. Алар жумушка, азык-түлүк дүкөнүнө же дарыгерге баруу сыяктуу жүйөлүү себептерсиз үйдөн чыгууга тыюу салынат.

Эмдөөдөн өтпөгөндөр ковид инфекциясына терс ПЧР тести болсо дагы коомдук жайларга киргизилбейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG