Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:45

Горбачев менен Муратов "Мемориалды" коргоду


Михаил Горбачев, СССРдин экс-президенти.
Михаил Горбачев, СССРдин экс-президенти.

Нобел сыйлыгынын ээлери - СССРдин мурдагы президенти Михаил Горбачев жана орусиялык "Новая газета" гезитинин башкы редактору Дмитрий Муратов Орусиянын Башкы прокуратурасын "Мемориал" укук коргоо уюмун жоюу" боюнча сотко өтүнүчүн кайтарып алууга чакырышты.

Бул адам укугун коргоо уюму Орусияда "чет элдик тыңчы" деп жарыяланган.

Горбачев менен Муратов биргелешкен кайрылуу жасашты.

"Мемориалдын узактан берки ишмердиги ар дайым тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, репрессия жылдарында курман болгон жана жаракат алган жүз миңдеген адамдардын элесин сактоого, андайга келечекте жол бербөөгө багытталган", - деп айтылат кайрылууда.

Бул уюмдун ишин улантуу "Орусиянын кызыкчылыгына жооп берет жана аны жабуу талабы өлкөдө тынчсызданууну жаратты" деп кайрылууда белгиленген.

11-ноябрда Орусиянын Башкы прокуратурасы эл аралык "Мемориал" укук коргоо уюмун, ошондой эле анын бөлүмдөрүн - укук коргоо борборун, архивин, китепканасын жана музейди жоюу талабы менен Жогорку сотко кайрылган. Буга себеп катары мекеме "чет элдик тыңчылар" жөнүндөгү мыйзамдын талабын бул уюм көптөн бери бузуп келгенин көрсөткөн.

Укук коргоо уюму орус бийлигинин бул аракеттерин “саясий кысым” деп атап, “жоюуга эч кандай мыйзамдуу негиздер жок” экенин жарыялаган.

Орусиянын президентинин алдындагы Адам укуктары боюнча кеңеш Башкы прокуратуранын "Мемориалды" жоюу талабын адилетсиз жана өзгөчө чара катары баалады. Европа Кеңеши Москваны мындай талаптан баш тартууга чакырды.

Буга жооп катары орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Мемориалда" Орусиянын мыйзамдарын сактоодо көп көйгөйлөр бар" деп билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG