Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Шайлоо: Ноокат райондук ооруканасынын жетекчисинин иши текшерилет


Асамидин Марипов.
Асамидин Марипов.

Ош облусундагы Ноокат райондук ооруканасынын жетекчиси Асамидин Мариповдун ишмердүүлүгүн президенттин Оштогу өкүлчүлүгү текшерип баштады. Ага президент Садыр Жапаровдун атына жазылган арыз себеп болгон.

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловдун айтымында, арыз ээлери дарыгерди добуш сатып алууга, админресурс колдонууга айыптаган.

19-ноябрь күнү атайын комиссия түзүлүп, Мариповдун аракетин текшерип баштады.

"Мечиттерде, ооруканаларда үгүттөө иштерин жүргүзүп атат, оорукананын кызматкерлерин кыйнап атат, "добуш алып бересиң" деп ар бир бөлүм башчыларына, кызматкерлерине, тууган-уругуна "тапшырма коюп жатат" деген доолор келтирилген. Ал канчалык деңгээлде аныкталат текшерүүнүн жыйынтыгы көрсөтөт", - деди Жаныкулов.

Райондук оорукананын жетекчиси Асамидин Марипов "Азаттыкка" курган маегинде айыптоолорду четке кагып, айдын башында эле эмгек өргүүсүнө чыгып кеткенин айткан.

№5 Ноокат шайлоо округунан анын уулу -Бакытбек Марипов талапкерлигин койгон. Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG