Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Тажикстанда Гонконгдук компания майнинг долбоорду ишке киргизет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Гонконгдогу технологиялык компания дүйнөдө санариптик акча катары тааныла баштаган биткоинди Тажикстанда иштеп чыгуу боюнча алдын-ала макулдашууга кол коюлганын жарыялады.

Гонконгдук Lyon Holding Group 18-ноябрда Тажикстандагы Ganj Technology фирмасына ээлик кылган New Full Rich компаниясы менен биргеликте кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту.

Бул алдын-ала макулдашууга ылайык, тараптар санарип акча - биткоинди иштеп чыга турган керектүү технологиялык жабдуулар менен компьютерлерди Тажикстанга алып келип орнотот.

Бул долбоор келе жаткан жылдын биринчи кварталында ишке берилип, анын жылдык кирешеси, кеминде 25 млн. АКШ долларын түзөрү күтүлүүдө.

Lyon Holding Group компаниясынын маалыматы боюнча Ganj Technology фирмасына ээлик кылган New Field Rich компаниясы өкмөттөн уруксат алып, колдоо тапкан.

Бул долбоор Тажикстандын эркин экономикалык аймактарынын биринде ишке ашырыла турганы айтылды.

Санарип акча-биткоинди иштеп чыгуу үчүн кубаттуу технологиялык жабдуулар жана компьютерлер талап кылынат. Бул инфратүзүм абдан көп электр энергиясын керектейт.

Ал эми Тажикстан ГЭСтерден электр энергиясын жетиштүү кубаттуулукта өндүрө алган өлкө катары инвестиция салуу үчүн тандалганы маалыматта көрсөтүлгөн.

Бирок тажик бийлиги мыйзамдык негизде биткоинди жүгүртүү каражаты катары тааный элек. Ошондуктан транзакциялардын бардыгы улуттук валютада жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу Тажикстандын мыйзамдарына кандай өзгөртүүлөр киргизилери азырынча белгисиз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG