Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:47

Мэрия троллейбустар саат 22:00гө чейин жүрө турганын билдирди


Бишкек шаарындагы коомдук транспорт.
Бишкек шаарындагы коомдук транспорт.

Бишкек шаарынын мэриясы аба ырайынын суукташына байланыштуу шаардыктар иштен чыккан учурда (17:00 – 19:00) коомдук транспорттун каттамын көбөйтүү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

Кыш мезгилинде шаарда каттаган троллейбустардын иштөө сааты 22:00гө чейин узартылган.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда тогуз каттам боюнча 79 автобус, 11 каттам боюнча 131 троллейбус иштеп жатат.

Бишкекте бир канча жылдан бери коомдук транспорт жетишсиздиги уланып келет. Шаар тургундары коомдук транспорт кеч жүрүп жатканын, айрым каттамдар такыр жоюлуп кеткенин айтууда.

Бишкек мэриясы коомдук транспорт маселесине жол киренин арзандыгы жана күйүүчү майдын кымбатташынан улам шаарда каттаган маршруттук таксилердин саны эки жылда эки эсе азайганын жүйө келтирген.

Борбор калаада 1-ноябрдан тарта коомдук транспортто жүрүү акысы кымбаттаган. Шаар тургундары маршруткалар үчүн 15 сом, автобус жана троллейбустар үчүн 11 сом төлөшөт.

Президент Садыр Жапаров 22-ноябрда жаңы конуштардын тургундары менен жолугуп жатып, мэрия чет өлкөдөн автобустарды алып келүү боюнча иш алып барып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG