Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:05

Равшан Жээнбековдун тарапташтары БШКнын астында акцияга чыкты


Равшан Жээнбековдун тарапташтары. 24-ноябрь, 2021-жыл.
Равшан Жээнбековдун тарапташтары. 24-ноябрь, 2021-жыл.

Бүгүн, 24-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) алдында камактагы оппозиционер саясатчы Равшан Жээнбековду шайлоого катыштыруу талабы менен акция өтүп жатат.

Акциянын катышуучулары БШК талапкердин үгүт ишин жүргүзүү укугун коргобой жатканын айтып, Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекованын отставкасын талап кылышууда.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28-ноябрда өтөт, 27-октябрда Жээнбеков талапкер болуп катталган, бирок үгүт жүргүзүү үчүн абактан бошотула элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Равшан Жээнбековдун өкүлү жана адвокатынын Бишкектин Биринчи май райондук сотуна Жээнбековдун бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн берүүнү жана теледебаттарга конвой кызматы менен катышууга мүмкүнчүлүк түзүүнү суранган өтүнүчүн канааттандырган эмес.

БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов шайлоо органы өз чечимин кабыл алганын, мындан аркы тагдыры соттун колунда экенин 28-октябрда билдирген.

Сот Равшан Жээнбековду үгүт өнөктүгүнө катышуу үчүн камактан бошотуудан баш тарткан.

Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. “Жарандык көзөмөл комитети” уюму аны саясий туткун деп тааныган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган, бирок кийин "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алынган.

Ал өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп атап келет.

Жээнбековдун таламын талашып 18-ноябрда БШКга аны менен бир округдан катталган жети талапкер да кайрылышкан. Алар Жээнбековдун шайлануу укугун камсыз кылууну жана башкалар менен бирдей шартта үгүт жүргүзүүсүнө шарт түзүп берүүнү суранышкан.

XS
SM
MD
LG