Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:31

Бишкекте "МедиаКоон" деп аталган эркин чыгармачылык фестивалы өтөт


MediaJasa долбоорунун энбелгиси

Бишкекте 25-ноябрда "МедиаКоон" деп аталган эркин чыгармачылык фестивалы өтөт.

Жаңы ЦУМ соода борборундагы иш-чарада спикерлер социалдык маанилүү темаларда контент түзүү жана аны жайылтуу жолдорун айтып беришет.

Тажрыйба бөлүшө турган спикерлердин арасында казакстандык даректүү тасмалардын режиссеру Канат Бейсекеев, Mediazona онлайн басылмасынын журналисти Лиза Пестова жана кыргызстандык блогерлер бар.

"МедиаКоон" фестивалы - MediaJasa долбоорунун акыркы этабы. Бул долбоор жарандык баалуулуктар жана эркиндиктер боюнча дискурс түзүүгө багытталган мультимедиялык демилгелерди колдоду. Аны IDEA Central Asia уюму "Сорос-Кыргызстан" фондунун жардамы менен ишке ашырууда.

Интернет айдыңында сапаттуу медианы өнүктүрүүгө багыталган MediaJasa долбооруна чыгармачыл жаштар катышты. Алар август айынан бери аялдардын укуктары, экологиялык көйгөйлөр, жаштарга жынысттык тарбия берүү, жарандык укуктарды билүү сыяктуу долбоорлорду ишке ашырышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG